Мына кайра көрүнбөстөн ай нурлары,
Алигиче кечки туман каптадыбы?
Көрүп турам жалгыздыктын ары жагын,
Жалган дүйнө мага жазган азаптарын.
Кайырма:
Кечки туман, кечки туман,
Махабаттын баары жалган.
Кечки туман, кечки туман,
Калтырдың го жүрөгүмдө жалаң арман.
Эске түшсө өткөн күндөгү махабат,
Жүрөк ооруйт, сыздайт катуу, ал кагылат.
Кечирип кой мени, жаным, эй ардагым,
Билем бир күн башка сага жолугарын.
Кайырма:
Өткөн күндөрдүн сулуулугун сагынам,
Тартуулаган мага сүйүүнү сен жактан.
Мына эми мен өкүнөм, мен кайгырам,
Жаман экен жакын адамдан айрылган.
БИЗ тобу — Кечки туман тексти
Датасы: 05.11.2020 Көрүүлөр: 18651