Датасы: 11.03.2023
Формат: mp3

Сүрөтүң кана
Көлдүн жээгин бойлогон
Ар бир мүнөт мени сүйүп
Мени ойлогон
Сүрөтүң кана
Толкун менен ойногон
Күлкүң кана шыңгыр булак
Мен сүйүп тойбогон
Ошентип мен уктап ойгоном

Кайырма:

Мен сени сүйөм
Мен дагеле сени сүйөм
Мен азыр жаштыгымдын аска зоосун
Айланып жүрөм
Мен кеталбай жүрөм
Мен сени келет деп жүрөм
Ыраа көрбөй сени башкага
Кыялбай сени башкага
Мен сени сагынып күтүп жүрөм

Көздөрүң кана
Көктөм жаздай жайнаган
Жүрөк туйлап бир караштан
Сезим кайнаган
Сөздөрүң кана
Мени жипсиз байлаган
Балыкчынын шамалындай
Жүзүм аймаган

Бек Борбиев — Кеталбай жүрөм тексти: 9 комментарий

      1. Мен дагы эле сени сүйөм деген жери туура эмес

    1. Мен сени суйом, 13жылдан бери мен сени келет деп журом

  1. Оа жакты сонун ыр экен суйуу жонундо экен

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *