Датасы: 05.11.2020
Формат: mp3

Даракта гүл болбосо өзөгү анын болот
Сулуу эмес болсо дагы булбулдар ага конот
Жолукпай жалгыз өткөн жашоомду барактаймын
Көп күтүп анан сүйгөн мен дагы дарактаймын

Кайырма:
Мугалим кыз сага дайым арналайын
Ыр болуп жазылайын гүл болуп ачылыйын
Чычыңа тагылайын өмүрлүк жолдош болуп
Өзүңө багынайын
Мектептен келериңди мен күтүп сагынайын

Сен бийик булут болсоң сен конор тоо болоюн
Сен ыйык улар болсоң мен бийик зоо болоюн
Мугалим кыз бактым сенде махабат деми менен
Бүт калган өмүрүмдү жашайын сени менен

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *