Кай күнү, кай мезгилде карабайын,
Шаттанам келбетиңе баладайым.
Кыргызым, кыргыз жерим, Кыргызстан,
Жаныма дары арча, карагайың.
Кайырма:
Мен сенин майрамыңа бөлөнгөнмүн,
Өзүңдөн агарганмын, көгөргөнмүн.
Мен сенин кулунуңмун, Кыргызстан,
Мен сенин кубанычыңа төрөлгөнмүн.
Кең жазда термеген ырларыңды,
Жуткандай боломун мен булагыңды.
Кыргызым, кыргыз жерим, Кыргызстан,
Комузуң кандырат го кумарымды.
Кайырма:
Аруу таң, ай нуруңан туулганмын,
Айтылган сөзгө бекем уулуңданмын.
Мен сенин кырааныңмын, Кыргызстан,
Мен сенин таалайыңа туулганмын.
Кайырма:
Кай жерде жүрсөм дагы эске келесиң,
Жүрөккө эм бересиң, дем бересиң,
Кыргызым, кыргыз жерим, Кыргызстан,
Көңүлдүн асманындай өңдөнөсүң.
Кайырма:
Желпилдеп желкеге чач тараганмын,
Көңүлүм күзгү кылып караганмын.
Мен сенин булбулуңмун, Кыргызстан,
Мен сенин бакытыңа,
Мен сенин бакытыңа жаралганмын.
Ката рекламада
Экинчи куплеттин, биринчи сабында сөздөрү ката. Туура сөздөрү: Тыңшасам жан тербетер ырларыңды.