Тоолордон тоолор куланып
Сапарым келет уланып.
Куштай канат кагып келем
Дайра болуп агып келем,
Дөөтү, пирден ак жол суранып.
Кайырма:
Ашыгым ай, ашык ай
Кантип келбейм шашып ай.
Мени күтүп жатканда
Сендей асыл ай.
Көзүңдү, кашың, кирпигиң
Элестеп келем ар бирин.
Илебиңден өбүп коюп,
Сүйүү отко күйүп коюп
Кыскартып келем узун жол жибин .
Кайырма:
Ашыгым ай, ашык ай
Кантип келбейм шашып ай.
Мени күтүп жатканда
Сендей асыл ай.
Бактардын өтөм катарын
Карыбай келет сапарым.
Кечикти деп жатсаң керек
Сан ойлорго батсаң керек,
Уктабай күтүп таңдын атарын.
Кайырма:
Ашыгым ай, ашык ай
Кантип келбейм шашып ай.
Мени күтүп жатканда
Сендей асыл ай.
Бек Борбиев — Ашыгым ай тексти
Датасы: 26.11.2020 Көрүүлөр: 10391