Датасы: 26.11.2020
Формат: mp3

Учуп чыгат көп кыялдын кээсинде,
Сагынычтан пайда болгон ак кеме.
Ошол кеме сүзүп барып айылыма,
Уулуңан деп салам айтат энеме.

Ошол кеме сүзүп барып айылыма,
Уулуңан деп салам айтат энеме.
Ошол кеме кусалыктын жарчысы,
Жан дүйнөмө жаралган го,
Жаралган го белекке.

Сүзгүн, кемем, тынбай, сүзө бергиниң,
Туйгум келип туулган жердин эргимин.
Атакемдин жытын эңсеп, сагындым,
Ала келгин энекемдин мээримин.

Атакемдин жытын эңсеп, сагындым,
Ала келгин энекемдин мээримин.
Көкүрөктө кусалыктын баарын айт,
Сагынычтуу салам ала,
Салам ала келгиниң.

Ошол кеме сүзүп барып айылыма,
Уулуңан деп салам айтат энеме.
Ошол кеме кусалыктын жарчысы,
Жан дүйнөмө жаралган го,
Жаралган го белекке.

Один комментарий к “Бек Борбиев — Ак кеме тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *