Датасы: 27.11.2020
Формат: mp3

Кызыктай бар эле адатыбыз,
Кыш эрте келсе деп самачубуз.
Каткырып кар кечип, кубалашып,
Кечинде сабактан тарачубуз.

Кайырма:

Вальс, вальс, вальс,
Мойнума кар саласың.
Вальс, вальс, вальс,
Кубанычым таркабасын.
Кайрадан кар кечип узатайын,
Кайдасың, классташ-парталашым?

Жаштыктын жалындуу күчү менен,
Жаш элек биз анда үшүбөгөн.
Күкүктөр сайраса кыш чилдеде,
Гүлкайыр гүл ачкан кышы менен.

Жабыркайм чилденин тушунда бу,
Жалгыздык азабы ушундабы?
Жылытам, демиме жылытамын,
Гүлкайыр гүлүмдү кышындагы.

Нурлан Насип — Кар вальсы тексти: 3 комментарий

    1. Бул деген мааниде туура эле жазылган
      Жабыркайм бул чилдеде
      Жалгыздык азабы ушундабы деп түшүнсөк

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *