Илгери-илгери бир үй-бүлөнүн сыйкырдуу алтын шакеги бар экен. Бирок шакектин сыйкырдуулугун ээси билбейт. Ошентип жүрүп, оор абалда калган учурда, баягы сыйкырдуу шакекти алар сатып жиберишет. Андан кийин ал үй-бүлө дагы жакырланып, ачкачылыкты баштарынан өткөрүшөт. Алардын үй жандыктары ит менен мышык да алар көргөн кыйынчылыкты көрүшөт.
Мышык менен ит эң жакын достордон эле. Алар үй ээлеринин абалын кантип кайрадан жакшыртабыз деп ойго батышат. Ит шакектин сыйкырдуу экениндигин сезип, аны кайра алып келишибиз керек дейт. Мышык болсо айтканыңда калет жок шакекти кайра алып келишибиз керек.
Бирок муну кантип ишке ашырабыз. Азыркы ээлери шакекти дайыма кутуда сакташат экен — деп итти суроолу карайт. Ит болсо сен бир чычкан карма ал кутуну кемирсин андан кийин биз шакекти алабыз деп сунуш киргизет. Чычкан кармап алып экөө жолго чыгышат. Алдынан бир дарыя чыгат. Ит менен мышык чычканды жонуна миңгизип, баякы дарыядан өтүшөт.
Болжолдонгон үйгө жеткенде ит чуңкурга секирет, макулдашкандай чычкан кутуну кемирип шакекти алып чыгып мышыкка берет. Мышык шакекти алар замат чуркап жөнөйт. Дарыядан кайрадан мышык менен чычкан иттин жолу менен өтүшөт. Дубалдарды ит айланып өтсө мышык дубалдардын үстүнөн өтөт. Үйгө жакындап калганда мышык алдыга чуркап кетет. Мышык иттен мурунурак келип, шакекти үй ээлерине кармата салат. Алар кубанышып, мышыкка ыраазычылык билдиришет.
Үйгө жашаганга уруксат беришип очоктун жанына жылуу- жумшак мышык үчүн орундук даярдашат. Ал эми ит келгенде аны жемеге алышат. Мышык иш менен алектенип бизди көйгөйүбүздү чечип жүрсө сен сайраңдап кайда жүрөсүң? Сага үйгө кирүүгө таптакыр тыюу салынат. Эшикте гана жашайсың уктуңбу дешет алар.
Ушул окуядан кийин ысык — суукка карабай ит байкуш эшикте жатьып калат. Ал эми мышык жылуу жумшак үйдөн орун алат. Ит мышыктын мындай эки жүздүүлүгүнө аябай ачууланды.
Ошол күндөн бери ит мышыкты көрсө кыжыры кайнап душманын көргөндөй атырылат экен. Артынан сая түшүп кубалап жөнөйт. Мышык болсо эски күнөсүн сезип иттин бетин карабай качып жөнөйт экен. Ит менен мышык ошондон кийин бири бирине өч болуп калышат экен.
Жарым тексти керек эле Эми майли, бирок сонун жомок экен
Эмнеге толук чыгарбайсынар тексти
Бул жомоктор аудио түрүндө. Ошондуктан толугу меен аудиосунан уга аласыз. Рахмат!
З ттть
Жомокту музыкасы жок окуш керек музыкасы жаккан жок же жомок эмес же музыка эмес угайын десен
Музыка жок угам
Ооба