Жолуктук күздүн бир күнүндө
Оюмду дароо ээлеп алдың
От жанып жүрөктүн түбүндө
Өзүң деп таңды тосуп калдым
Жан элем жалганда жаңылган
Сүйүүгө эми ишенбеген
Сезимдер жанданып жаңыдан
Бактылуу болом сени менен
Кайырма:
Сөзүмө бек туруп сүйүүдө чек куруп
Өзүңдү эч кимге алмашпай сүйөмүн деп туруп
Көңүлүмдү буруп башкага кетпеймин жаным ишен
Эркелетесиң багынтасың
Эркимдин ээси болуп өзүң
Эстеген сайын сагынтасың
Эңсетип сенин кара көзүң
Тумарым жүрөктүн дарысы
Жүрө албайм сени ойлонбосто
Түш болсо эгер баарысы
Турбаймын уктап ойгонбостон
Бек-Султан Балтабаев — Башкага кетпеймин тексти
Датасы: 03.02.2021 Көрүүлөр: 561