Датасы: 13.02.2021
Формат: mp3

Текшерип албай сүйүүнүн
Бузугун тандап алыпмын
Башкасын алып келгенге
Барайын десем алысмын
Сыртынан жакшы көрүнсө
Алууга карай шашканым
Жүрөгүм кабыл албады балким
Сүйүүсү окшойт башканын

Кайырма:

Аз болсо дагы өткөрдүм эй өткөрдүм
Күндөрдү жакшы жаманды
Башында айтсаң болмок да
Убара кылбай адамды
Чала жан кылбай адамды

Башкага ыра көрө албай
Жан дүйнөм кейип энтигет
Сен сүнгөн адам сени да
Сүйө алар бекен менчилеп
Алдыга келген бакытты
Тепселеп такыр теппей жүр
Кубалап салбай жүрөктөн
Кээбирде мени эстей жүр

Алмаз Шаадаев — Сүйүүсү белең башканын тексти: 9 комментарий

  1. Ооба өтө сонун жакты. Бирок, сен сунгон адам сени да эмес. Сен сүйгөн адам сени да болушу керек эле ошол жерин оңдоп койсоңор жакшы болмок✊. Бирок ырда сөз жок ваще класс❤️

  2. Ыр сонун.Алмаз Шаадаев барган сайын такшалган кыйын ырчы болуп келе жатат Ат Башылыктар кыйын да негизи.Азаматсын.Чыгармачылык ийгилик

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *