Датасы: 08.04.2021
Формат: mp3

Кара күчкө биз эмес багынгандай
Каректерге катылган жалын бардай
Оттой жанып кыргыздын жигиттери
Окко каршы атылган чагылгандай
Элим деп жандан ашып кечип атса
Эрдигиң унутулбайт эч убакта

Эзилип да кул болгон кимге жаксын
Элин кантип эр жигит жер каратсын
Жүзү жарык аттанып ар намыска
Жүрөгүндө деми бар эр Манастын
Өмүрү эл тагдырын чечип жатса
Эрдигиң унутулбайт эч убакта

Өчпөйт,өчпөйт элесиң каректен
Чакырып биримдикке айбатын берет деп
Жашап, жашап жаш бойдон жүрөктө
Барсыңар ак батада, барсыңар тилекте
Ырыстуу айкөлдүн элибиз
Эми биз тең бир элбиз
Ынтымак күтөлү эми биз биримдикте

Гүлдестеге бөлөп бейиттерин
Эскерели Мекен шейиттерин
Бир күн өтпө токто жүрөк
Баатырларды жокто жүрөк
Ар намыска жана бергин
Акыйкатта тилеп тилек

Ырыскелди Осмонкулов, Тынай Алыбаев, Гульнур Сатылганова & Мирбек Атабеков — Эл жүрөк тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *