Кара күчкө биз эмес багынгандай
Каректерге катылган жалын бардай
Оттой жанып кыргыздын жигиттери
Окко каршы атылган чагылгандай
Элим деп жандан ашып кечип атса
Эрдигиң унутулбайт эч убакта
Эзилип да кул болгон кимге жаксын
Элин кантип эр жигит жер каратсын
Жүзү жарык аттанып ар намыска
Жүрөгүндө деми бар эр Манастын
Өмүрү эл тагдырын чечип жатса
Эрдигиң унутулбайт эч убакта
Өчпөйт,өчпөйт элесиң каректен
Чакырып биримдикке айбатын берет деп
Жашап, жашап жаш бойдон жүрөктө
Барсыңар ак батада, барсыңар тилекте
Ырыстуу айкөлдүн элибиз
Эми биз тең бир элбиз
Ынтымак күтөлү эми биз биримдикте
Гүлдестеге бөлөп бейиттерин
Эскерели Мекен шейиттерин
Бир күн өтпө токто жүрөк
Баатырларды жокто жүрөк
Ар намыска жана бергин
Акыйкатта тилеп тилек
Ырыскелди Осмонкулов, Тынай Алыбаев, Гульнур Сатылганова & Мирбек Атабеков — Эл жүрөк тексти
Датасы: 08.04.2021 Көрүүлөр: 19358
Керемет чыгарма болуптур! Азаматсыздар!
Керемет чыгарма болуптур! Азаматсыздар!