Датасы: 21.10.2020
Формат: mp3

Сезимге салдың дүрбөлөң,
Сенчелик эчким сүйбөгөм.
Каалагын мейли каалаба,
Карап тур сени сүйдүрөм.
Кайырма:
Тамашага саламын,
Көңүлүңдү табамын,
Ырдап берип сүйүү дастанын.
Жүрөгүңдү эргитип,
Сезимиңди сергитип,
Сени мендик кылып аламын.
Акылга салдың дүрбөлөң,
Анчалык эчким сүйбөгөм.
Алдагын мейли, алдаба,
Ансайын сени сүйдүрөм.
Кайырма:
Жүрөкө салдың дүрбөлөң,
Жүдөп бир эчким сүйбөгөм.
Жактыргын мейли , жактырба,
Жанымдан чыккыс сүйдүрөм.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *