Уурулук жана алдамчылык менен жан баккан киши болуптур.
Бир жолу ал көпкө чейин көчө кыдырып жүрүп, уурдаганга ыңгайлуу эч нерсе таппайт. Ушинтип жолу болбогон ал акыры базарга барып эки жактагы соода кылган элди карап көпкө турат.
Бир убакта колдоруна толтура баштык көтөргөн аял энтеңдеген бойдон жанына келип калат.
– Ак көңүл адам, менин баштыктарыма көз сала турасызбы? Колдорум тимеле түшүп калды. Бирок алчуларымдын теңин араң алып бүттүм. Келесоо жаным мынча оор оокаттарды өзүм жалгыз көтөрө албасымды ойлонбоптурмун,- деп сүйлөнгөн ал алдамчынын жанына баштыктарын койо салып, кайрадан базар аралап жөнөп кетет.
Минтип оңой олжолуу болгонуна ичинен кымыңдап, сыртынан сыр алдырбай мостойгон ууру:
– Ооба, эч нерсени ойлонбогон келесоолугуң кебетеңден эле көрүнүп турат. Болбосо базарда алдамчылар менен уурулар болорун ойлойт элең да. Ушунуң үчүн эле сени жазалап, кийинкиңе сабак болгудай кылышым керек,- деп аялдын баштыктарын өзүнүкүндөй көтөрүп үйүнө жөнөгөн экен.