Датасы: 04.03.2022
Формат: mp3

Кут жеримди алмаштырбайм сулуулугу керемет
Адам изин калтырган касиеттүү азирет
Дарыясы ташкындаган жайлоосу бар ар тарап
Тоо чокусу аппак мөңгү ак кайың көрк берет

Кайырма:

Ыйык жерим касиеттүү Кадамжай
Атың сага жарашыктуу
Койнуң толук элиң бар
Ата-журтум сыймыктанам сен менен
Алтын сенин топурагың
Ынтымактуу элим бар

Койну кенен Кадамжайым түрдүү улут жашаган
Кен байлыгы кылымдардан тоо түбүнө катылган
Кут уялап жергебизде жашап өткөн хандарың
Кутман күнүм жомок сымал тоо боорунан жашынган

Ак булуттар түнөп өткөн жайлоосуна көз түшөт
Кымыз жыттуу сыдырым жел тоо гүлүнө сүртүнөт
Булак суусу күүсүн чабат таш түбүнөн агылып
Буудай күрүч эгин талаа бак-дарагың дүркүрөп

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *