Сүйгүм келет жаш жандырып, жаш болуп,
Жашым алдап, жаш кайыңдай мас болуп.
Жанар тоодой жанып чыккан отуңан,
Чыккым келет жарып чыккан таш болуп.
Кайырма:
Сүйгүм келет, миң мертебе жаңылып,
Сүйгүм келет, сүйгөнүмө жалынып.
Өз күчүңдү, өз күчүмө багынтып,
Сүйгүм келет, кээде өзүңө багынып.
Көпкөк асман жерге түшсө жарылып,
Кыян жүрсө жердин үстү тарылып.
Ал кыяндан өтөөр элем кыйналбай,
Бир көз караш кубатыңды жамынып.
Кайырма:
Сүйгүм келет, миң мертебе жаңылып,
Сүйгүм келет, сүйгөнүмө жалынып.
Өз күчүңдү, өз күчүмө багынтып,
Сүйгүм келет, бүт ааламга жар салып.