Датасы: 26.10.2020
Формат: mp3

Өмүрүм күлгүн көктөмдө,
Өрүкзар гүлүн төккөндө.
Өрөпкүп жүрөк кубанды,
Өзүңдү алгач өпкөндө.
Ээй, аппагым,
Өкүнөм ал күн өткөнгө.
Жанымда жүрсөң жанаша,
Жоодурап күлө караша.
Жылдыздар көктөн суктанды,
Жамалың менден талаша.
Ээй, аппагым,
Бөлүнгөн элек таң ата.
Жолугар жерден бактагы,
Кайрылып сени таппадым.
Күбүлүп жатты шамалга,
Өрүктүн гүлү шактагы.
Ээй, аппагым,
Сен менен кетти жаш чагым.

Один комментарий к “Азамат Сарыбаев — Аппагым тексти”

  1. Музыканын унундо «Озунду алгач оргондо» Дейт бирок текстте «Озунду алгач опкондо» дейт

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *