Чип-чип этип жем издешет
Чөптүн ичин карасам
Жөжөлөрүм сары түстүү
Наристедей балапан
Жети сегиз тогуз он бир
Жетпейт бирөө санасам
Чиип чиип
Чип-чип-чип-чип-чиип-чип
Кетпегиле арылап
Ар кеселден алдын алып
Айран берем дарылап
Тынчы кетип энеңер да
Издеп жүрөт какылдап
Мына-мына тап алдым
Арасынан чөптөрдүн
Чокуп чокуп жүргөн экен
Жалбырактын көктөрүн
Жөжөлөрүм окшоп кетет
Жаш күнүнө көктөмдүн
Темир канат болуп жайда
Жөжөлөрүм торолот
Энесинен бөлүнүшөт
Бой керишет чоңоюп
Анда дагы санап турам
Кетпесин деп жоголуп
Поиск в гугле