Датасы: 12.04.2022
Формат: mp3

Дүйнө жүзүн кыдырта албадым ата
Бир жылда беш кашына бара албадым
Жашоо турмуш билимдин аркасына
Жарым айга жаныңа кала албадым

Убакыт шар билгизбей картайтууда
Сагындырып далайды саргайтууда
Дүйнө жүзүн айлантып келсем деген
Кыялдагы максатым кайтчудай

Кайырма:

Бакытына балдарды ташыбаган
Ата болбойт кубанып жашыбаган
Башкалардын билбеймин атакесин
А меники чынында асыл адам

Өмүр өтүп мезгилин камчылады
Үйүбүздүн ырдайын шам чырагын
Канча жакын келсем да асыл ата
Жакшы көрөм дей албай тартынамын

Эл деп эмгек кылдыңыз айтылбаган
Эрке кыздын сыймыгы жаркыраган
Канча камат кылсам да ата сизге
Бир күн кылган ишиңе арзыбаган

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *