Менде бар сезим сенде бар
Сезбеген аны пенде бар
Сен деле сезип жүрөсүң
Сезимден ысык эмне бар
Эч кимден алып көчүрбөй
Эпкини эрте өчүрбөй
Эңсеген сүйүүм жаш кезден
Өзүңдөй болчу өзүңдөй
Менде бар сенде болсо экен
Көңүлдөр бирге толсо экен
Көргөндө мени сен дагы
Көңүлү да учуп консо экен
Отуна чыдап түтө албай
Ойлогон ойду бүтө албай
Асманга учам дагы эле
Айланып жерге түшө албайм
Менде бар сезим сенде бар
Сезбеген аны пенде бар
Сен деле сезип жүрөсүң
Сезимден ысык эмне бар
Өмүрдү сүрдүк экөөлөп
Өйдө бир төмөн ынтыгып
Азыр да сени көргөндө
Асманда учам көкөлөп
Эч кимден алып көчүрбөй
Эпкини эрте өчүрбөй
Эңсеген сүйүүм жаш кезден
Өзүңдөй болчу өзүңдөй
Майрамбек Осмонов — Өзүңдөй болчу өзүңдөй / Жаңы ыр 2022 тексти
Датасы: 19.04.2022 Көрүүлөр: 19941