Датасы: 19.04.2022
Формат: mp3

Менде бар сезим сенде бар
Сезбеген аны пенде бар
Сен деле сезип жүрөсүң
Сезимден ысык эмне бар
Эч кимден алып көчүрбөй
Эпкини эрте өчүрбөй
Эңсеген сүйүүм жаш кезден
Өзүңдөй болчу өзүңдөй

Менде бар сенде болсо экен
Көңүлдөр бирге толсо экен
Көргөндө мени сен дагы
Көңүлү да учуп консо экен
Отуна чыдап түтө албай
Ойлогон ойду бүтө албай
Асманга учам дагы эле
Айланып жерге түшө албайм

Менде бар сезим сенде бар
Сезбеген аны пенде бар
Сен деле сезип жүрөсүң
Сезимден ысык эмне бар
Өмүрдү сүрдүк экөөлөп
Өйдө бир төмөн ынтыгып
Азыр да сени көргөндө
Асманда учам көкөлөп
Эч кимден алып көчүрбөй
Эпкини эрте өчүрбөй
Эңсеген сүйүүм жаш кезден
Өзүңдөй болчу өзүңдөй

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *