Датасы: 09.05.2022
Формат: mp3

Жашоомдо бүтпөс санатым
Жан атам сизсиз канатым
Жүрөктү кубандырат
Жүзүмдөн нур алдырат
Мээримдүү сенин карашың

Атакем ыйык тутам
Бакытым менин атам
Таазим кылып тизе бүгөм
Ата сизди чексиз сүйөм
Атакебай атакем

Мээнетиң арбын ченемсиз
Кымбатым ыйык чеберсиз
Кыйналсам биле турган
Мен үчүн бийик турган

Атакем бийик тутам
Атакем жаным атам
Ачык болсун көңүлүңүз
Узун болсун өмүрүңүз
Атакем атакем

Себеби сенсиң ырымдын
Сезбестен турмуш кыйынын
Жашай бер кылымдарга
Жаныңда кызың барда
Атакем асылым ыйыгым
Атакем кумир тутам
Жөнөкөй асыл адам
Кичинемде эркелесем
Эми сизди эркелетем
Атакебай атакем

Один комментарий к “Кызсайкал Кабылова — Атакем тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *