Сен менин жүрөгүмө жаз алып келдиң,
Жаз менен жанга жагым наз алып келдиң.
Күн нурун кирпигиңе тагынып алып,
Күлмүңдөп гүлгө окшоп жасанып келдиң.
Кайырма:
Жаз менин көздөрүмдө, сенин көзүңдө,
Жүрсөк да аппак карлуу кыштын өзүндө.
Ал жазды сен ээрчитип мага келгендей,
Көңүлүм көктөм өңүн көргөн сезимде.
Көздөрүң көздөрүмө учураганда,
Бактылуу жоктой башка ушул ааламда.
Көлкүлдөп эрип кетти сүйүү жазынан,
Кыш дагы алы келбей кычыраганга.
Кайырма:
Көздөрүң көздөрүмө эркелегенде,
Көлдөгү толкун болуп кетем мен эмне.
Бүт дүйнө жаралгандай сүйүү дегенден,
Бүт дүйнө багынгандай сүйүү дегенге!