Бирде согуп, бир сокпой
Бирде бардай, бир жоктой
Жүрөгүмө айып тагамын
Бир түшүнүп, түшүнбөй
Үзүлүп же үзүлбөй
Ортосунда турам санаанын
Кайырма:
Эки жүрөк бир бирине кол сунат
Жакындайт, кошулбайбы?
Эки жүрөк бир бирине кол сунат
Жол тосот сүйүүнүн толкундары
Сени ойдон чыгарбай
Же башкага кыялбай
Эки жолдун кармап түйүнүн
Бирин чечсем бошотуп
Бири калат токтотуп
Азабында калдым сүйүүнүн
Кайырма:
Эки жүрөк бир бирине кол сунат
Жакындайт, кошулбайбы?
Эки жүрөк бир бирине кол сунат
Жол тосот сүйүүнүн толкундары
Эки жүрөк бир бирине кол сунат
Жакындайт, кошулбайбы?
Эки жүрөк бир бирине кол сунат
Жол тосот сүйүүнүн толкундары