Датасы: 23.05.2022
Формат: mp3

Капалыкты кайгыны жойсо дедим
Көңүлүмө жарыгы толсо дедим
Бой таштаган мен үчүн бийиктикте
Болочогум атамдай болсо дедим

Кайырма:

Кубанычтан толкундап ыйлап алам
Кыйноо тарткан күндөрдү жыйнап алам
Баркын билип мен дагы түгөйүмдү
Башымды ийип атамдай сыйлап алам

Бийик кылган жашоомдо ордум дедим
Бирок тагдыр сынооңдү койгун дедим
Түн бир оокум жалбарып жаратканга
Түбөлүгүм атамдай болсо дедим

Жалыныма отума күйсө дедим
Жаштыгымды кор кылбай жүрсө дедим
Жамандыктан кайгыдан алыс кылып
Жан шеригим атамдай сүйсө дедим

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *