Датасы: 25.05.2022
Формат: mp3

Дарактын жалбырагын самагандай
Күн санап күтүп келем көрүнбөйсүң
Булуттан чыга калчу жарыгымдай
Бурганак ойлорумдан бөлүңбөйсүң

Кайырма:

Күтөмүн күтөмүн эч чарчабай
Сен гана бакытымдай сезилесиң
Агарса мейли агарсын бир чач калбай
Күтүү бакыт күтө берем кезигерсиң

Окшошбуз карап турсам өзүмдөсүң
Мен үчүн балалык кезимдейсиң
Мерезиң болсо эгер аска тоодой
А өзүң карегимсиң көзүмдөйсүң

Үмүтүм бар алоолонуп жалындаган
Кыялым бар сүйсө дагы жалынбаган
Күттүргөндү жакшы көргөн жан окшойсуң
Ичке катып сыртына жарылбаган

Клип — Күтүү бакыты

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *