Күзөтчүдөй көз ирмебей күн-түнү,
Тирүүлүктүн түгөнбөгөн түйшүгү.
Мен апамды кут төгүлгөн үй десем,
Атам анын кармап турган түркүгү.
Атам барда мен таптагы ылаачын,
Атам менин бөксөрбөгөн кубатым.
Күбөсү бул сен жараткан эрдиктин,
Күрөштөрдө күнгө сепкен кулачын.
Шаштым кетип бошоңдосо сабырым,
Колдон алып оор жүктүн жарымын.
Кыйын кезде кылт дедирбей дем берген,
Атам менин терең жайган тамырым
Кубанчыма, кайгыма да тең шерик,
Бул дүйнөдө жан болбостур сенчелик.
Ак сарайым, алтын туткам кутманым,
Мен дүйнөдө сен тургузган эстелик.
Байзак Кубанычбек уулу — Толгонуу тексти
Датасы: 28.01.2023 Көрүүлөр: 8219