Бул өмүргө адам болуп жаралып,
Баштан өттү баёо сезим балалык.
Баткак кечкен андагы кез азыр жок,
Бардыгыбыз туш тарапка тарадык.
Ата көрсөк алкыш менен бата алып,
Алыс эле бизден кайгы капалык.
Айылыбыз чаңга оролуп турса да,
Адамдардан сезилчү эле тазалык.
Кызыл тартып күнгө күйгөн жүзүбүз,
Кызык эле анда көргөн түшүбүз.
Чурулдаган бир топ балдар чогулуп,
Чүкө ойноп корочу эле күчүбүз.
Кой кайтарып, уй айдамай ишибиз,
Коктуларда калган чыгаар изибиз.
Алып келсе момпосуюн энекем,
Алоолончу кубангандан ичибиз.
Түшчү элек айылдагы арыкка,
Сүзчү элек каршы аккан багытка.
Кезиңер деп ойноп, күлчү, кубанчу,
Кеп айтчу эле кемпир менен абышка.
Эмнегедир түшүн алган эмесмин ,
«Эх, балдар» деп үшкүрүнүп калышса.
Байкуш жандар бир үшкүрүп алган го,
Балалыгы калган үчүн алыста.
Ал убакта таштек эле мончобуз,
Апам жуунтам дегенде эле коркобуз.
Ары-бери качып колго карматпай,
Анда үйдө башталчу эле чоң согуш.
Акыры конүп апам эки-уч чапканда,
Азап эле түшкөн сындуу капканга.
Короого эле койчу бизди жуунтуп,
Корочу эмес азыркыдай акчам да.
Нан түгөнүп калган кезде үйүңдө,
Кошунада бар деп калчу түнүлбө.
«Бир нан берип турсун деди апам» деп,
Мен журчу элем кошунамдын үйүңдө.
Жалгыз нандын бөлүп берген жартысын,
Жан-дүйнөсу толгон экен шүгүргө.
Кошунадан нан алганды мындай кой,
Үйлөрүнө кирбей калдык бул күндө.
Таңкы жети, сеператор дырылдап,
Сүт тартчу эле апам жалгыз ыр ырдап.
Жылуу төшөк коюнунан туралбай,
Мен жатчу элем эркеликтен кыңылдап.
Апакемдин буркулдаган жармасы,
Ден-соолукка тийчү экен пайдасы.
Ойноп келсем балдар менен эшиктен,
Дастаркону кадимкидей жайначу.
Буркуратып жез самоордун түтүнүн,
Бизге айтып кептеринин түзүгүн.
Дем-күч берип мендей эрке балага,
Деп койчу эле «Айланайын, күчүгүм».
Бөлүп берип көмөч нандын бүтүнүн,
Байкуш апам өзү жечу күүмүн.
Карегимден тең айланып турчу эле,
Карыганда аламын деп түшүмүн.
Тоого барып терчү элек карагат,
Толгон токой бадалдарды аралап.
Бир чаканын толгонуна сүйүнүп,
Биз ал ишке кылчу элек канагат.
Оюбуз ак, денибиз сак саламат,
Ошол кезде конгон сыңдуу мага бак.
Жүрөгүм ак, аруу кезим турбайбы,
Жүргөн менен чырпык минип сабалап.
Улуулардын жолун тосуп кесчү эмес,
Улуулар да жаман нерсе дешчү эмес.
Кийиз тепкен ал убакта чогулуп,
Кишилерди азыркыдай тепчү эмес.
Аялдар аз ал учурда кеп жебес,
Апаралым кыйындыкты сезчү эмес.
Анда боз үй чечкендерди көрчү элем,
Азыркыдай кийимдерин чеччү эмес.
Улам-улам балалыктын алыстап,
Улууларга жакындадым карыштап.
Андагыдай аруу кездер азыр жок,
Аттиң арман кайда калды табышмак.
Андагыдай толуп ташпай дарыя,
Акыл айтчу азайгандай карыя.
Ар-намысты төмөн коюп бул кезде,
Ар бир ишти кылчу болдук жарыя.
Андагы оюн айфон менен алмашты,
Азыр бизге толгон балээ жармашты.
Эшикке чыгып ойной турган бала жок,
Эч көтөрбөй жер төшөктөн жамбашты.
Ал кездеги оюнчукту чаң басты,
Ата-эне да билет уулун алдашты.
Кола берип ыйлап жаткан балага,
Колдоруна телефонду карматты.
Азыр бизге жетпегендей аруулук,
Алдыбызда тепселгендей баалуулук.
Бала кездей чын ниеттен иш кылсак,
Бардык нерсе оңолчудай жанырып.
Бала сымал таза боло албадым,
Балалыкты жүргөн менен сагынып.
Уурдап алган баёо сезим куракты,
Убакытка кетем кээде таарынып.
Эн сонун Азаматсын Нурайым!
Азаматсын Нурайым сонун ыр экен