Ошол кезде сен он алты жашта элең
Баш кошууга биз ал кезде жаш элек
Секелектен өткөн сезимимди сезбестен
Жата албаган жалгыз байкуш мен элем
Кайырма:
Ажырадым ажырадым ажырадым
Ажырадым жалгыз сүйгөнүмдөн
Ажырадым ажырадым ажырадым
Ажырадым жалгыз сүйгөнүмдөн
Бүгүн сенин баш кошуу тоюң экен
Чакыртасың мени алыс жерден
Жете албастан келип шаңдуу тоюңа
Арманымды гитарада билдирем
Тилегеним бүгүн тоюң болбосо
Ата-энең ага сени кошпосо
Сулуулукта эч теңи жок периште
Болбойт эле мен жөнүндө ойлосо
Гүлбара Камчыбекова — Ажырадым тексти
Датасы: 29.04.2024 Көрүүлөр: 3526