Датасы: 29.04.2024
Формат: mp3

Ошол кезде сен он алты жашта элең
Баш кошууга биз ал кезде жаш элек
Секелектен өткөн сезимимди сезбестен
Жата албаган жалгыз байкуш мен элем

Кайырма:
Ажырадым ажырадым ажырадым
Ажырадым жалгыз сүйгөнүмдөн
Ажырадым ажырадым ажырадым
Ажырадым жалгыз сүйгөнүмдөн

Бүгүн сенин баш кошуу тоюң экен
Чакыртасың мени алыс жерден
Жете албастан келип шаңдуу тоюңа
Арманымды гитарада билдирем

Тилегеним бүгүн тоюң болбосо
Ата-энең ага сени кошпосо
Сулуулукта эч теңи жок периште
Болбойт эле мен жөнүндө ойлосо

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *