Сен ашыгым сен жанымдын жарымы
Сен үмүтүм сен жашоомдун жарыгы
Сени мага тагдыр берген белеке
Сенсиз мага жашоонун жок манызы
Кайырма:
Сен арбап келесиң
Сен үмүт бересиң
Сен ардагым
Сен мага керексиң
Сенин жытың магдыратып мас кылат
Сенин күлкүн маанайымды шат кылат
Сенин көзүн чалкып жаткан дениздей
Коңүлүмдү алып учуп шаштырат.
Сен дегенде селдей толкуп ташамын
Сени ойлоп сан кыялга батамын
Сезимдерим жалгыз сага арнаган
Сени сүйүп сен деп жашап жатамын