Жарыгы белең берметтин
Жабыркап көңүл дегдеттиң
Кароосуз калган кайыктай
Кайыр кош жаным, мен кеттим
Кайырма
Карап, карап, кайрадан сени самап
Күттүм, күттүм, күттүм, күттүм
Жараткан кандай кылам
Жалжалым жалгыздыктан жадап
Бүттүм, бүттүм, бүттүм, бүттүм
Көпөлөк гүлгө коно албай
Көңүлүм сыздайт толо албай
Серпилип жүрөк, кыйналдым
Сендейлер сендей боло албай
Карап, карап, кайрадан сени самап
Күттүм, күттүм, күттүм, күттүм
Жараткан кандай кылам?!
Жалжалым жалгыздыктан жадап
Бүттүм, бүттүм, бүттүм, бүттүм