Датасы: 10.08.2022
Формат: mp3

Жүрөгүмдүн тынчын сен алдың
Жүрөгүмдө бүтпөс арманым арбын
Сен алдадын
Жандүйнөмдүн жарыгы болбой
Жараладын жанды жайына койбой
Сен ардагым
Жайнап турган көзүң күлгөнүң деле
Жалган тура жаным сүйгөнүң деле
Сен алдадын
Сезимимди таза тунук кирдеттиң
Сезиминди сенин атыңды билбепмин

Жалган сүйлөп мени сүйөмүн дебе
Жалынына сенин күйөмүн дебе
Сен алдаба
Сезим менен болду эми ойнобо
Себеби жок сыздап мени ойлобо
Сен алдаба

Кеч түшүндүм кечиргиң дебе
Кейидим деп сыздап эзилдим дебе
Сен алдаба
Ак сүйүүгө айыпты артпа
Унут мени эми кайгыга батпа
Сен алдаба
Сезимимди таза тунук кирдеттиң
Сезиминди сенин атыңды билбепмин

Жалган сүйлөп мени сүйөмүн дебе
Жалыныңа сенин күйөмүн дебе
Сен алдаба
Сезим менен болду эми ойнобо
Себеби жок сыздап мени ойлобо
Сен алдаба

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *