Датасы: 27.05.2024
Формат: mp3

Кызарып жүзүм анар сымал
Уялуу мага адат сыңар
Карабай көзгө жалтанганым
Бара-бара бир күн калат чыгар

Жүрөктү өрттөп жанар сымал
Сүрдөткөн сизге адат сыңар
Карабай көзгө жалтанганым
Бара-бара бир күн калат чыгар

Кайырма

Кара-кара караганы
Жара-жара жаралады
Сезимдерим жанса дагы
Эмнеге сизден тартынамын

Жылмайып койсо күлүмсүрөп
Ойлорум чачып бүлүндүрөт
Жүрөгүм ачык айтпаса да
Ичинен сизди сүйүп жүрөт

Жолумдан чыкса күлүмсүрөп
Ойлорум чачып бүлүндүрөт
Көңүлүм сизге бар экенин
Көздөрүм менин түшүндүрөт

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *