Датасы: 28.09.2020
Формат: mp3

Жаратканга жалынып, атаң менен тилендик,
Сен жаралып дүйнөгө зор бакытка бөлөндүк.
Чачың өрүп беш көкүл сырдаш бол деп ыктадым,
Кучагыма бек кысып, ыйман тилеп уктадым.
Кайырма:
Барган жерден бакыт тап,
Жылдыздуу бол ай кызым.
Арабасын тең айдап
Сыймыктуу бол ай кызым.
Уяткарбай элиңди
Урматтуу бол ай кызым
Акырында айтаарым,
Бактылуу бол, ай кызым.
Түгөйүңдү түбөлүк падыша көр эрмегим,
Кубанычта-кайгыда кашында бол берметим,
Кубандырып журтуңду ак жолтой бол секетим,
Жыл айланбай буйруса бешигиңди берейин.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *