Датасы: 28.06.2024
Формат: mp3

Нөшөрлөп ээ жаа бербей жамгыр төксө

Жамгырдай толгон карек жашын сепсе

Жүрөгүн жаш кесилип кэлээр беле

Жанымдын кыйын алганын жаның сезсе

Кайырма

Сезбеди сагынганым сенин жаның

Сыргартып жан жүрөктү ажарладың

Күтүүдөн күйүп бүттү күлүң жаным

Жутпадым сен жыттанган

Жутпадым сен жыттанган

Сүйүү балын

Тарта албай убакыттын эрте-кечин

Сыялайм сырлап төгүп кагаз бетин

Кетипсиң кайра келбес сапарыңа

Калтырып махабаттын ыр-кесесин

Көнбөдүң чынарымдын бутагына

Кыспадың койнуң толо кучагыңа

Түбөлүк тартуу кылып бериптирсиң

Карматып кыпкызыл чок бутагыңа

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *