Датасы: 28.10.2020
Формат: mp3

Койгондой мезгил сизге жүгүн артып,
Саамайың былтыркыдан агыш тартып.
Энекем, кагылайын картайбасын,
Өмүрдүн кайыгында барат калкып.

Энеке кагылайын картайбачы,
Саамайың калыптыр го агыш тартып.
Ааай, алтын энем мен үчүн канча чачың агарды экен.

Энелер бар бул дүнүйө аста аста,
Чалпалбай кармалгансыйт тең салмакта.
Калыстыгы жок болсо эгер энелердин,
Оодарылмак жер шарыбыз бир заматта.

Калыстыгы жок болсо эгер энелердин,
Оодарылмак жер шарыбыз бир заматта.
Мммм, алтын энем мен үчүн канча түйшүк тарттың экен.

Өмүрдүн шамын бизге эне жаккан,
Кабагым кашым дебей барктап баккан.
Эненин асылдыгын сыйлайлычы,
Мени да , сени дагы эне тапкан.

Эненин ыйыктыгын барктайлычы,
Кадимки Манасты да эне тапкан.
Эээй, алтын энем мен үчүн канча чачың агарды экен.
Эээй, алтын энем мен үчүн канча түйшүк тарттың экен.

Кабагым кашым дебей барктап баккан,
Кылымдагы кыргызымды эне тапкан.

Сыймык Бейшекеев — Энекем тексти: 9 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *