Батасын берип арнаган
Атадай күчтүү барбы адам
Ополто болгон убакыт
Өмүрүң тийлейм ааладан
Балалык мээрим төгөйүн
Бакытка сизди бөлөйүн
Ак бурул баскан чачтарың
Моюнуңдан жыттап өбөйүн
Кайырма
Баласын көрүп баламдын
Чөбөрө жытын жыттагың
Сиз үчүн аздык кылат го
Берсем да жаштык курагын
Бар болуп дайым биз менен
Атаке узак жашагың
Батасын берип арнаган
Атадай күчтүү барбы адам
Ополто болгон убакыт
Өмүрүң тийлейм ааладан