Датасы: 15.05.2022
Формат: mp3

Кубансам кубаттап көнгөн
Кайгырсам мууңумду бөлгөн
Жашоодо табылып таарынып сагынып көнгөн
Сыйлашкан сыналган сыймыктуу досторум менин

Мезгилдер учушат зуулдап
Күтүлбөс түйшүктөр чыгат
Турмушта түшүнгөн ишенген досторуң бар деп
Көңүлүң өмүрүң ар дайым ток пейил турат

Ырдашып сырдашкан үйдө
Сапарда канатташ күндө
Өмүрдө кармаган таянган тагдыры бирге
Жалындай жанымдай кыйышпас досторум менин

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *