Датасы: 16.07.2024
Формат: mp3

Түн ичи караңгыда

Уктабай ойго жатам

Канткенде актаймын деп

Ак сүтүң алтын апам

Өзүнөн мени сүйгөн

Өмүрдө жалгыз адам

Кучагын дайым ачат

Болсо да далай катам

Көтөрүп чуркасам да

Ак сүтүн актайм апам

Жүрөктө тилегимди

Барака жазып атам

Ал күндөр алыс эмес

Аз гана калды кадам

Муктажмын бир Аллага

Сураймын күндө жардам

Билемин ойлоносуз

Ар кайсы келип башка

Өмүргө бөлүп койгон

Ойлорду ар бир жашка

Түндөсү мени баккан

Карабай уйку кашка

Кезекти мен алайын

Күн-түнү кыймылдашка

Билемин бала кезде

Таптаган түнү бою

Өзү араң жүрсө дагы

Менде го эне ою

Сиз берген сүйүүнүздү

Апаке айлталамын

Мээримге бөлөп койгон

Апакем кайтарамын

Кайырма

Эгер билсең апам берген

Ак сүйүлөр жүрөктө

Жылытат го мээримиңиз

Мүнөт сайын мүнөткө

Сагында карап турам

Камчыгымда сүрөткө

Сүрөтүңүз капчыгымда

А сиз апа жүрөктө

Элестерим эске салды

Жүргөн кезди жетелеп

Ал элестер апа менден

Азыр деле кете элек

Азыр балаң чоңойгон

Жүрбөйт эми көчөлөп

Кыйынчылык каптаса да

Шүгүр кылып көтөрөт

Дүйнө сага каршы чыксын

Апа сени таштабайт

Жаңы өмүр башталса да

Апа сен жок баштабайт

Апакемдин жагат мага

Жылмайып ай күлгөнү

Мен ааламга келгенмин

Апакем деп жүргөнү

Кайырма

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *