Эрке мүнөз сырларын эч катпаган,
Эч кири жок жүрөгүнө сактаган.
Багың тоодой болсо экен ар качан,
Балдызым жайнаган.
Мен сен үчүн бүт барына даярмын,
Менин назик гүлдөй болгон каралдым.
Бар тилегим жалгыз гана бакытың,
Балдызым аярым.
Кайырма
Сен менин балдызымсың,
Сен менин жалгызымсың.
Жезде деп өмүрүмдү тилеп келген,
Жездеңдин үмүтүсүң жарыгысың.
Мага тилеп ден соолуктун бекемин,
Маңдайыма күлүп дайым келесиң.
Айтпасаң да сыйың мага белгилүү,
Ар убак сеземин.
Жезде десең желдей ойноп ыргалам,
Балдызыма бар ырымды ырдасам.
Эжекеңдей сен да мыкты жубай бол,
Жарыңды сыйлаган.