Датасы: 15.03.2022
Формат: mp3

Ала-Тоомо таянамын, 
Ак калпактуу кыргыз калкым.
Бабам Манас урпактарым, 
Кыргызым, жылдызым.
Кыргызым деп мактанамын, 
Эл-журтум деп жар саламын

Ала-Тоолор тирелишсе,
Ак калпактын элеси.
Дасторконго нанын жая,
Кымыз толо кесеси.

Кайырма:

Ала-Тоомо таянамын,
Ак калпактуу кыргыз калкым.
Бабам Манас урпактарым,
Кыргызым, жылдызым.
Кыргызым деп мактанамын,
Эл-журтум деп жар саламын,

Жайкалышса кыз-келиндер,
Ысык-Көлдүн ак куусу.
Жарашыктуу элечеги
Каныкейдин элеси.
Жарашыктуу элечеги
Айчүрөктүн элеси.

Кайырма:

Кенен пейил, тунук сезим,
Жүрөгүмдө уюган.
Ата салтын ыйык тутуу,
Жаным менен туулган.

Бурулча Турарбек кызы, Залина Касымова — Кыргызым тексти : 3 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *