Датасы: 09.01.2025
Формат: mp3

Карааныңды мага көрсөтпөй
Ыйласам да сага сөз жетпей
Жаным күттүрүп сен кайда жүрөсүң
Чынын айтчы кимди сүйөсүң

Ишенчек кыз жүрөгү
Тунук сүйүү тилеги кыздардын
Алданган сезимден
Жаш тамды көзүмдөн арман ай
Өчүрдүң жалынымды

Кайырма
Калтырып көңүлүмдү
Арзуусу тунук сүйүүсү ыйык
Кыздын жүрөгү туруктуу
Көздөрү ойноп сезимди кордоп
Жигит сүйүүсү кылыктуу

Айтчы сага эмне жетпеди
Ушул суроо ойдон кетпеди
Жаным эми сени эркелетпеймин
Мүмкүнчүлүк такыр бербеймин
Кечирбейт кыз жүрөгү
Кетсе анын сүйгөнү башкага
Алданган сезимден
Жаш тамды көзүмдөн арман ай
Өчүрдүң жалынымды





Саадат Жыргалбекова-Кыз жүрөгү тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *