Айдын көлдүн ак куусундай түшкө киргенсиң,
Жан дүйнөмдүн жалгыз сырын өзүң билгенсиң.
Обон сымал жүрөккө жаңырып,
Тумар болуп таңда тагылып,
Бир өзүңдү самап, бир өзүңдү самап мен сүйгөнмүн.
Кайырма:
Таңдагы берметим,
Кол сунуп жетпедим,
Ак куу белең, Айперим?
Көлдүн жээгин бойлоп өзүм сага келемин,
Толкундардан издеп улам сүйүү дарегин.
Чолпон болуп жүрөккө жагылып,
Ак куу консо көлгө кайрылып,
Көз жашыма толот, көз жашыма толот карегим.
Кайырма:
Тунук сүйүү, өмүрдө сен ак куу белемсиң?
Издеп жүргөн ай-ааламдан ыйык түнөгүм.
Арман күчөп өмүргө камыгып,
Сени күтүп таңда зарыгып,
Бир өзүңдү эңсеп, бир өзүңдү эңсеп жүрөгүм.
Эрлан Андашев — Ак куу белең Айперим тексти
Датасы: 12.01.2025 Көрүүлөр: 694