Кол жетпес бийиктеги көркөмүм,
Сен мени жанар тоодой өрттөдүң.
Абаны кургатып барып от бердиң,
Таңында жага турган отпу эми?
Көргөндө жанарыңдың сүрөтүн,
Эсимден чыгаратко дүйнөнү.
Бир гана эңсеп сени кеч-курун,
Кереги болбой калды жан-жанымда эч кимдин.
Кайырма
Кыш менен күз, жазым менин көктөмүм,
Каалаймын өзүң менен ар бир сааттын өткөнүн.
Кыш менен күз, жазым менин көктөмүм,
Каалаймын өзүң менен ар бир сааттын өткөнүн.
Көз тартат күлмүңдөгөн көйнөгүң,
Өзүңдөн башка жанды көрбөдүм.
Сен десем сезимдерим суусатып,
Суу ичип отурсамда чөлдөмүн!
Көргөндө жанарыңдың сүрөтүн,
Эсимден чыгаратко дүйнөнү.
Бир гана эңсеп сени кеч-курун,
Кереги болбой калды жан-жанымда эч кимдин.
Кайырма
Кыш менен күз, жазым менин көктөмүм,
Каалаймын өзүң менен ар бир сааттын өткөнүн.
Кыш менен күз, жазым менин көктөмүм,
Каалаймын өзүң менен ар бир сааттын өткөнүн.
Бир сен бар болуп, мен сага зар болуп,
Экөөбүз бирге болгон кезде бул дүйнө тар болуп.
Эгиз жүрөк сенде жүрөт, алыс болсоң калам жүдөп,
Бир өзүңсүз өтпөйт мүнөт, табылбас го сендей түгөй.
Ойнобоймун оюнду, түшүн менин оюмду,
Менин бактым сенсиң, калган күмөндөр жоюлду.
Жалгыз өзүң керексиң, бир сүзөлү сүйүү кемесин,
Жараткандан белексиң, балдарымдын болчу энеси!
Кайырма
Кыш менен күз, жазым менин көктөмүм,
Каалаймын өзүң менен ар бир сааттын өткөнүн.
Кыш менен күз, жазым менин көктөмүм,
Каалаймын өзүң менен ар бир сааттын өткөнүн.