Датасы: 27.02.2025
Формат: mp3

Сагынам сагынамын
Айлаңды таппай жаным
Ай чыккан сайын эстеп
Айыкпай жүрөк дагы
Сагынам сагынамын
Андагы сүйүү багын
Ай менен кошо чыгып
Айтылган сырдан баары

Кайырма:
Ал кезди эстетип кыйнабачы
Айыккан жараны ырбатпачы
Ал күндөн алыстап араң жүрөм
Алтыным кыйнабачы

Армандуу күндөрдү катып келем
Азаптуу жолдорду басып келем
Ансыз да кыйналып араң жүрөм
Кыйнаба кыйнабачы

Сагынам сагынамын
Арманга батып жаным
Ал күнү биз өткөргөн
Айлуу түн жаздын таңы
Сагынам сагынамын
Гүл болуп ачылганын
Күлкүңдөн эргип келем
Көл каптап бакыт багын

Кайырма:
Ал кезди эстетип кыйнабачы
Айыккан жараны ырбатпачы
Ал күндөн алыстап араң жүрөм
Алтыным кыйнабачы

Ал кезди эстетип кыйнабачы
Айыккан жараны ырбатпачы
Ал күндөн алыстап араң жүрөм
Алтыным кыйнабачы

Кайрылгыс жандардай болчу элек
Айрылган жолдорго эмне себеп
Ай толгон күндөрдү шаңга бөлөп
Армансыз жандар элек

Ал күндөн бир гана элес калды
Андагы сезимдер эзет жанды
Алыстап ак сүйүүм кеткен узак
Кыйнаба кыйнабачы




Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *