Датасы: 29.09.2020
Формат: mp3

Сүйгөнүм сени ойлоном,
Минут сайын толгоном.
Качан бозой келет деп, (ой),
Таттуу уйкумдан ойгоном.

Сүйгөнүм сырын биле көр,
Жалындап жаным күйө көр.
Минут сайын толкундап,
Чының менен сүйө көр.

Кара атка салган кол чидер,
Кадырлап жаным кат жибер.
Ал катындан не пайда,
Кадыркеч болсон өзүң кел.

Чымыяндан көрпөчөм,
Чыдабайм сени көрбөсөм.
Чын баркыңа жетермин, (ой)
Чын ажал жетип өлбөсөм.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *