Сансыз жылдыз жанып асманда
Сары жарык чачып жаш жанга
Сары жарык сары оорубу
Сагындырган сенсиз басканда

Кайырма:
Жылдызым жок түнүм караңгы
Жылдызым деп шилтейм кадамды
Жыпар жыттуу жаздай сүйгөнүм
Жылмын этип айтат саламды

Жалын болдум дене канымдан
Жалын болдум ырдын сабында
Жанар сымал жалын от болуп
Жарокерим жүрчү жанымда

Кайырма:
Жылдызым жок түнүм караңгы
Жылдызым деп шилтейм кадамды
Жыпар жыттуу жаздай сүйгөнүм
Жылмын этип айтат саламды

Жылдызым жок түнүм караңгы
Жылдызым деп шилтейм кадамды
Жыпар жыттуу жаздай сүйгөнүм
Жылмын этип айтат саламды

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *