Датасы: 29.03.2026
Формат: mp3

Татына болуп көздөрүмө көрүнөсүң,
Апакай болуп бир өзүнчө чүрөктөйсүң.
Суктанып мен ой көлүңө чөмүлөмүн,
Асылым , ай жүзүңө.
Жылдызындай жымыңдайсың көз алдымда,
Тартасың сен махабаттын булагына.
Арбалып мен бир өзүңдүн кучагыңа,
Байландым тузагыңа.

Кайырма:
Кара көзүм, карегиңден айланамын,
Кара көзүм, күндөй болуп татынасың.
Сезимдерим учат сага алоолонуп,
Жүрөгүмдө сенсиң, менин махабатым.

Мөлтүрөгөн көздөрүңө суктанамын,
Ак куудай сенин ажарыңа багынамын.
Көздөрүңө тик карабай тайсалдаймын,
Кара көз, бир өзүңө.
Ырдасам мен ырларымды сага арнаймын,
Жүрөгүмдө жалын болуп сен жашайсың.
Карагаттай көздөрүңө арбалып мен,
Асылым, ай жүзүңө.

Один комментарий к “Улук Назар — Кара көзүм тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *