Аткаруучу: Нурлан Насип, AIHAN
А балким, сен да ойлон
Кабарсыз кайда баратканың
Арылсак биз бул ойдон,
Бактылуу болорумду болжойм
А балким, сен да ойлон
Кабарсыз кайда баратканың
Арылсак биз бул ойдон,
Бактылуу болорумду болжойм
Жараткан жазганын көрөт экенбиз маңдайга
Жазбаса болбойт тура-аракетиңден пайда
Сен кеткенден бери кыйналдым көпкө,
Сырдаштым,Муңдаштым жалгыз бөлмөмдө
Баратам акырын,баарына көндүм
Убакыт даарылайт мээримин төксө
Биз сүйгөн көгүчкөн-ал учуп кетти
Кайрылган канатын кайтарсак кечпи?
Азыр мен айландым башка адамга
Сынганым билдирбейм сыртымдан сага
Сен менин күнүм элең
Айым элең нурга бөлөп жайнап турган
Эгизимсиң,деңизимсиң бир өзүңө байлап турган
Көңүлүм сени тандап
Жүрөгүм сага арнап
Жарыгым сүйө берем
Түбөлүк сени жандап
Калганмын алыстап ай сага бара албай
Берекем ай көңүлүң сени таба албай
Сабалап,сагынычың мени кыйнады
Кеттимби мен сага жага албай
Кечпе мени кел агалы биригип
Көктөн издеп жерден тапкан мээримим
Сездиңби бир сен деп жалыңсыз күйөмүн
Секетим ай секелегим сени сүйөмүн.
Себелеп себелеген жамгырдай
Жүрөмүн ойлордо сен деп айрылбай
Тагдырдын байланган жиптерин
Үздүңбү сен кайчылай, кайчылай
Кайырма:
А балким, сен да ойлон
Кабарсыз кайда баратканың
Арылсак биз бул ойдон,
Бактылуу болорумду болжойм
#AIHAN #НурланНасип #БалкимОйлон
© & ℗ Infinity Music. All rights reserved.
Music and Video are Copyrighted.
Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.